Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 28 чакырымы макулдашылды

Кийинкиде тараптар Тажикстандын аймагында жолугуп, калган участокторду такташары кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык делегациясы кыргыз-тажик чек арасынын 28,37 чакырымын макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу 24-марттан 29-мартка чейин Баткен облусунда болгон.
"Анда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28,37 чакырымын макулдашты. Тараптар калган участоктордо эки өлкөнүн чек ара сызыгын андан ары аныктоодо олуттуу натыйжаларга жетишти", — деп жазылат маалыматта.
Кийинкиде тараптар Тажикстандын аймагында жолугуп, калган участокторду такташары кошумчаланды.
Ташиев менен Ятимов Баткенде жолугуп кыргыз-тажик чек арасын талкуулады