Өз убагында каттоодон өтпөй калган диний уюмдарды каттоо кампаниясы жүрүүдө. Ага ислам, христиан динине жана башка конфессияларга тиешелүү объектилер киргенин Замир Кожомбердиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылдын аягынан тартып ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, диний уюмдардын, объектилердин, диний окуу жайлардын ишине мониторинг жүргүзүлүп, текшерүүлөр болду.
"2023-2027-жылдарга министрлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы кабыл алынып, учурда бул багыт боюнча тиешелүү тараптар иш алып барууда. Кыргызстанда дин эркиндиги мыйзамдын негизинде кепилденген. Биз дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өткөн жылы эки ири кампанияны уюштурдук. Алсак, өз убагында каттоодон өтпөй калган диний уюмдарды каттоо жүрүүдө. Ага ислам, христиан диндерине жана башка конфессияларга тиешелүү объектилер кирген. Экинчиси, ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, диний уюмдардын, объектилердин, диний окуу жайлардын ишине мониторинг жүргүзүлүп, текшерүүлөр болду. Алардын каттоо эсеби, ишмердүүлүгү мыйзамдын негизинде болуп жаткандыгы каралат, китепкана фондулары, мугалимдердин диний билими, окутуучулардын курамынын сапаты жана окутуу программасы текшерилет", — деди Кожомбердиев.
Ошондой эле адис диний экстремизмге каршы күрөшүү ишине олуттуу көңүл буруларын кошумчалады.