АКШ XVIII кылымдагы президенти Томас Джефферсон караларды кул ээлөөчүлөрдөн бошотуп, орнотуп берген элдик бийликтен азыр өтө эле алыстап кетти. Мындай пикирин Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Америка бийлиги учурда "күч атасын тааныбайт" саясатын жүргүзүп келет.
"Америка өзүн демократиянын очогу деп жарыялап жана дүйнө мамлекеттерине да демократиялык башкарууну сунуштап келет. Демократия — элдик бийлик. Дүйнөлүк коомчулук да ага көнүп, Америка сунуштаган демократиянын ыгына көнө баштаган кезде кайрадан өзү кош стандарттуу саясат жүргүзүп, иренжитип алды. Ошол эле Иракты ала турган болсок, бир диктордун айынан канча жай тургун өмүрү менен коштошту. Югославияга ташталган бомбадан канчалаган адамдын өмүрү кыйылды. Айта берсек мындай мисалдар көп. Мына ушундай окуялардан кийин дүйнөлүк коомчулук Американын "демократиясынан" иренжип калды. Анткени БУУда бүтүндөй мамлекеттер колдогон, АКШ дайыма айтып келген ар бир адамдын жашоо укугу тебеленбедиби. Балдардын же аялдардын деп бөлмөк бул жакта турсун, жалпы адамзатты жашоо укугунан ажырткан бул кандай жорук? Эмнеге АКШнын өзүнө карата мындай саясат иштебейт? Демократия элдик бийлик эмес беле, элдин үнү кайда калды? Бул эмне болгон кош стандарттуулук деген көптөгөн суроолор жаралды", — деди Жекшенкулов.
Ал Американын кош стандарттуу демократиясына соңку жылдары дүйнөлүк коомчулук каршы пикирин ачык айта баштаганын кошумчалады.