Жалал-Абадда ооз ачууга барган 12 адам тамакка ууланды

Кафе убактылуу жабылып, анын жетекчисине жана медициналык кароодон өтпөгөн эки официантка айып пул салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Жалал-Абадда ооз ачууга барган 12 адам тамакка ууланды. Бул тууралуу облустагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов билдирди.
Анын айтымында, бейтаптар Сузактагы эс алуу борборлорунун бирине оозу ачууга барып, тамактанган соң абалдары начарлап ооруканага кайрылган.
Урайымов иликтөөнүн жыйынтыгы жакында чыгарын билдирди. Ал эми кафе убактылуу жабылып, анын жетекчисине 23 миң сом, медициналык кароодон өтпөгөн эки официантка 3 миң сомдон айып пул салынган. Жабырлануучулар үйүнө чыгарылганы кошумчаланды.
Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөгөн атайын орган жок. Адистин маеги