Радио

Эксперт: облустарда туризмди илгерилетчү программалар иштелип чыгышы керек

Мурдагы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, туризм багыты боюнча эксперт Азамат Жаманкулов өлкөдөгү туризмдин сапатын жакшыртуу үчүн окутууларга көңүл буруу керектигин айтты.
Sputnik
Ар бир облустун туризмди өнүктүрүү стратегиясынын алкагында туризм тармагынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу программасы иштелип чыгып, аны аткаруу ыкмалары тандалышы керек. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окутуулар мейманкана иштетүү, гиддердин кесипкөйлүгүн жакшыртуу, туристтик операторлор жана тамак-аш даярдоочу жайлардын өкүлдөрү арасында болушу кажет.
"Кыргызстандагы туризмдин ишин жакшыртууда бир катар комплекстүү иш-чаралар болушу керек. Ар бир облустун туризмди өнүктүрүү стратегиясынын алкагында туризм тармагынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу программасы иштелип чыгып, аны аткаруу ыкмалары тандалышы керек. Учурда мындай программанын алкагында Ошто мейманкана иштетүү, гиддердин кесипкөйлүгүн жакшыртуу, туристтик операторлор жана тамак-аш даярдоочу жайлардын кызматкерлерин окутуудан өткөрүүдөбүз. Өлкөнүн түштүгүндө туризм жыл бою иштеп, меймандарды кабыл алат. Бул жактан кооз жаратылышты, тарыхы бай маданий-архитектуралык жайларды, көп кырдуу салт-санааны, тамак-ашты табууга болот. Бирок кызмат көрсөтүүнүн жогорку тепкичтерине чыгуу үчүн окутууларга басым жасоо абзел", — деди Жаманкулов.
Ошондой эле адис ар бир облус, шаардын уникалдуулугун эске алып, өнүктүрүү программаларын түзүү керектигин кошумчалады.