Радио

Маметов: тоого чыгуунун пайдасы зор, аны түшүнбөгөндөр көп

Тоо туризми клубунун жетекчиси Жунус Маметов тоонун эң бийик жерин багындырган адам жаратылыш менен бетме-бет келип, жан дүйнөсү тазаргандай өзгөчө абалда болорун айтты.
Sputnik
Тоого чыгуунун ден соолукка гана эмес, моралдык, психологиялык жактан да чоң пайдасы бар. Бул тууралуу Жунус Маметов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тоого дайыма чыгып жүргөн адам бир аз алыстай түшсө жүрөгү сыгылып кыйнала баштайт.
"Кээ бирлер тоого чыгып, альпинизм менен машыккандарды түшүнбөйт. Бирок мунун да ырахаты бар. Альпинизм тоого аз-аздан чыгуудан башталат. Анча бийик эмес тоолорго көп чыккан адам мындан да бийик чокуларды багынткысы келет. Кумар деп ушуну айтса болот. Мындай адамдар бийиктикке чыкпай калса кыйналып, депрессияга тушугат. Бирок азартка кирип, тоого жалгыздап барган жарабайт. Сөзсүз үч-төрт киши чогуу барышы керек. Себеби ар кандай кырсыктар да катталып калууда. Айрымдар татаал жолдор менен барууну жактырат. Ошондуктан абайлаш керек", — деди Маметов.
Ал учурда чыккан чокуларынын саны 100дөн ашып калганын кошумчалады.