Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Тажикстанда "Крокус" иши боюнча 9 киши кармалганы айтылды

Кармалгандарды "террордук уюм менен байланышы болгон" деп шектелип жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Душанбе шаарынын жанындагы аймактан 9 киши "Крокус сити холлдогу" терактыны жасагандарга тиешеси бар деген шек менен кармалганын РИА Новости Тажикстандын атайын кызматындагы маалымат булактарына таянып билдирди.
"Вахдат районунун 9 жашоочусу 22-мартта Москва облусунда болгон "Крокус сити холлдогу" терактыны жасады дегендер менен байланышы болгону үчүн кармалды", — деп айтып берген ал киши агентикке.
Кармалгандарды "Ислам мамлекети"* уюму менен байланышы болгон деп шек санап жатышат. Маалымат берген адам кармоо операциясына Душанбеде жайгашкан россиялык күчтөр да катышканын кабарлаган.
2024-жылдын 22-мартында кечинде "Крокус сити холлдун" концерттик залында теракт жасалган. Соңку маалыматтар боюнча, кандуу калабадан 143 адам көз жумган.
Буга байланыштуу 11 адам кармалып, 8 киши камакка алынды. ФСБ билдирген маалыматка таянсак, террорчулар колдонгон куралдар мурда жашыруун жерде атайын сакталып турган.
* Кыргызстанда, Россияда жана бир нече мамлекетте ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюм
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Тасмагамбетов: террорчулук согуштун гибриддик куралы катары колдонулууда