БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка караганда, өлкөлөрдүн өкмөттүк делегацияларынын башчылары сүйлөшүүлөрдү Баткенде жүргүзгөн.
"Алар калган тилкелер боюнча кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулоону улантып, эки өлкөнүн чек ара сызыгынын багытын мындан ары аныктоодо олуттуу натыйжаларга жетишти. Ошондой эле жумушчу топторго калган тилкелерде чек ара сызыгын аныктоо иштерин улантууну тапшырышты", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнүн Кыргызстандын министрлер кабинети билдирди.