БИШКЕК, 29 мар — Sputnik. Талас облусунда акча талап кылган делип жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун кишилери кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, алар Казакстандын жаранынан 60 миң сом карызды өндүрөбүз деп, кечиктиргени үчүн туум кошуп 250 миң сом беришин талап кылышкан.
"25 жана 26 жаштагы шектүүлөр акчанын 140 миң сомун алып жатканда колго түшкөн. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү жабырлануучунун BMW 530 унаасын да тартып алган", — деп айтылат маалыматта.
УКМК жарыялаган видеодон шектүүнүн бири жабырлануучуга орозо бүткөндөн кийин эч нерсеге карабай буту-колун сындырарын айтканын угууга болот.