"Тилектештигиңиздерге рахматымды айтам. Биз сиздерден өзгөчө күч жана ресурсту көрүп жатабыз. Алар көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ. Биз ишенимдүү союздаш өлкөлөрбүз. Бири-бирибизге бардык багыттар, бардык тармактар боюнча колдоо көрсөтүп келебиз", — деген ал.
Мындай пикирин Удовиченко Кыргызстандагы россиялык мекендештердин конференциясында билдирген. Иш-чарада Россиянын Кыргызстандагы уюмдарынын ишинин жыйынтыгы талкууланган. Элчи өлкөдөгү россиялык уюмдар натыйжалуу иш жасап жаткандыктарын белгилеген.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы достукту бекемдөө маселеси да көтөрүлгөн. Алар Кыргыз-Россия компанияларын ийгиликтүү иштетүү идеялары боюнча да пикир алмашкан.