БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Россиянын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы Равиль Гайнутдин 15 жаштагы Ислам Халиловго Эмгек медалын тапшырды. Интернет-колдонуучулар сыйлоо аземинен сүрөт, видеолорду жүктөштү.
Муфтий теги кыргызстандык өспүрүмгө "Крокустагы" терактыда адамдарды куткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.
Сыйлык тапшыруу аземи Москвадагы борбордук мечитте, эл жума намазга чогулган учурда өттү. Ал эми өспүрүм муфтийге жана анын каармандыгын баалагандарга ыраазычылыгын билдирген.
"Крокустагы" теракт учурунда 100дөн ашык адамды куткарып калган Исламдын теги кыргызстандык. Ал Москвадагы окуу жайлардын биринде окуйт, сабактан кийин аталган жайдын гардеробунда иштечү. Теракт болгон күнү чуу түшкөн элдин сыртка аман чыгуусуна жардам берген.
Буга чейин "Россия сегодня" медиатобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньяндын "Крокус сити холлдогу" терактыда элди куткарган балдарга белек жана Кара деңизге эс алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берери маалымдалган. Анын ичинде Ислам Халилов да бар.
2024-жылдын 22-мартында кечинде "Крокус сити холлдун" концерттик залында теракт жасалган. Соңку маалыматтар боюнча, кандуу калабадан 145 адам көз жумган.
Буга байланыштуу 11 адам кармалып, 9 киши камакка алынды. ФСБ билдирген маалыматка таянсак, террорчулар колдонгон куралдар мурда жашыруун жерде атайын сакталып турган.