Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

"Крокустагы" теракт. Сот тогузунчу шектүүнү камакка алуу чечимин чыгарды

Тажикстандык жаран Назмирад Лутфиллои 22-майга чейин камакка алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Басман соту "Крокус сити холлдогу" терактыга шектелип кармалган тогузунчу адамдын баш коргоо чарасын карап, 22-майга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, сотко 24 жаштагы Назмирад Лутфиллои алып келинген. Отурумда анын Тажикстандын жараны экендиги белгилүү болгон. Ал "Щелковская" метросуна жакын жердеги хостелде жашачу.
Лутфиллоини полиция 23-мартта кечинде "Крокус" имаратынан кармаган. Ага документин көрсөтүүнү айтышканда сөгүнгөн жаман сөздөрдү айтып, орой жооп кайтарган. Полициянын эскертүүсүнө баш ийген эмес. Мындан улам сот аны майда бейбаштык боюнча дагы 15 суткага камакка алган.
Буга чейин терактыга шектүү катары сегиз киши кармалып тергөө абагына киргизилген болчу.
Кармалгандарды "Ислам мамлекети"* уюму менен байланышы болгон деп шек санап жатышат. Маалымат берген адам кармоо операциясына Душанбеде жайгашкан россиялык күчтөр да катышканын кабарлаган.
2024-жылдын 22-мартында кечинде "Крокус сити холлдун" концерттик залында теракт жасалган. Соңку маалыматтар боюнча, кандуу калабадан 143 адам көз жумган.
Буга байланыштуу 11 адам кармалып, 9 киши камакка алынды. ФСБ билдирген маалыматка таянсак, террорчулар колдонгон куралдар мурда жашыруун жерде атайын сакталып турган.
* Кыргызстанда, Россияда жана бир нече мамлекетте ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюм.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Эксперт дүйнөдө дагы кандай ири терактылар болорун божомолдоду