Майлуу-Суу: окуучудан кургак учук чыкканын убагында айтпаган медикке айып салынды

Мектептин администрациясы өз убагында карантиндик чара көрбөй, билим берүү мекемеси кеч дезинфекцияланган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы окуучулардын ден соолугуна жоопкерчиликсиз мамиле кылган фактыны аныктаганын прокурордун жардамчысы Нурайым Катаганова билдирди.
Анын айтымында, шаардагы №1 мектептин 11-классынын окуучусу №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы дарыгерге кайрылган. Ага чейин 5-мартта кыз рентгенге түшүп, анда аппарат "өпкөнүн кургак учугу, анын ачык түрүнө шектенүү" диагнозун көрсөткөн.
"Б.Ф. аттуу дарыгер рентгендин диагнозун көргөнү менен бул тууралуу Ноокен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Майлуу-Суу шаардык бөлүмүнө шашылыш билдирүү жиберген эмес. 29-февралда дарыгер ушул кыздын жогуна карабай энесине эмгекке жарамдуу экенин тастыктаган документ жазып берген. Буга байланыштуу 20-мартта Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан административдик укук бузуу фактысы боюнча иш козголуп, үй-бүлөлүк дарыгерге 10 миң сом айып салынды", — деди Катаганова.
Мындан тышкары, мектептин администрациясы карантиндик чараларды өз убагында көрбөгөнү, билим берүү мекемеси кеч дезинфекцияланганы аныкталган.
Радио
Кыргызстанда кургак учуктан көз жумгандардын саны 10 эсе кыскарды