NYT: криптобиржанын негиздөөчүсү кардарларынан 8 млрд. доллар уурдаган

Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. FTX криптобиржасынын мурдагы жетекчиси Сэм Бэнкмен-Фрид кардарларынан 8 миллиард доллар уурдаганы үчүн 25 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу New York Times жазды.
Ал алдамчылык жана колдонуучулардын каражатын уурдоо сыяктуу жети кылмыш иши боюнча айыпталууда. Анын айынан кеминде үч FTX кардары өз жанын кыйган.
Прокурорлор Сэм Банкмен-Фридди 110 жылга кесүүнү суранышкан.
Сотто Банкмен-Фрид FTX кардарларынан, инвесторлорунан жана кызматкерлеринен кечирим сурады.
ИИМ криптовалюта менен иштеген кыргызстандыктарга кайрылды