Бишкек менен Чүйдөгү шамалдын кесепетинен жаракат алгандардын саны 24кө жетти

Жабыркагандардын ичинен төртөө орточо оор абалда ооруканага жаткырылган, калганы үйүндө дарыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдөгү шамалдын кесепетинен жаракат алгандардын саны 24кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жабыркагандардын ичинен төртөө орточо оор абалда ооруканага жаткырылды, калганы үйүндө дарыланууда.
"Көпчүлүгү башынан жаракат алган, денелери сыйрылып, кесилген. Бирөөнүн кыр сөөгү сынып, экөөнүн (өспүрүм жана чоң киши) жамбашы сынган", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ өлкөнүн айрым аймактарында, анын ичинде ордо калаада ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал болуп, кулаган бак-дарак автоунааларды басып калып, имараттардын чатырларын алып кеткен. Кырсыктын кесепетин жоюу үчүн Бишкек менен Чүйдө өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Шамал 150дөн ашык объектини зыянга учураткан.
Катуу шамалдан Бишкек, Чүй, Таласта 10 адам жабыркап, 154 объект зыянга учурады