Мэрия: Бишкектеги автобустун эң мыкты айдоочусу 98 миң сом айлык алды

Жакшы маяна алыш үчүн айдоочу графикти сактап, эрежелерди бузбашы керектигин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-март. — Sputnik. Борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов Бишкектеги коомдук транспорттун айдоочуларын жол эрежелерин сактоого кандай жол менен үндөп жатышканын айтып берди.
Борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов
"Былтыркы жылдан тарта коомдук транспорттун айдоочуларынын айлыгы көбөйгөн, муну менен катар эле алардын ишине баа берүү системасы киргизилген. Февралда автобустун мыкты айдоочусу 98 миң сом, ал эми начары 22 миң сом маяна алды. Башында экөөнө тең жаңы автобус, эл көп маршруттар берилген", — деди Сазыкулов.
Жакшы айлык чыгышы үчүн айдоочу графикти сактап, эрежелерди бузбай, рулда баратканда телефон менен сүйлөшпөшү жана тамеки тартпашы керек.
"Талаптар менен эрежелерди бузгандар айыпка жыгылып, айлыгынан кесилет. Мисалы, 22 миң сом маяна алган айдоочу график менен жүргөн эмес, GPS системасын өчүрүп салган, белгиленгенден да катуу айдаган, башка кемчиликтери болгон", — деди вице-мэр.
Сазыкулов айдоочулардын айлыгы 26 миң сом экенин, коопсуздук талаптары менен тартипти сактаса сый акы сымал бонустар кошуларын түшүндүрдү.
Бишкек: 212-автобусту айдаган аял 15 миң сом айыпка жыгылды. Видео