Ысык-Көлдө үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Видео

Көз жумгандардын экөө бир автоунаанын жүргүнчүлөрү болгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталып, үч адам мерт болгонун ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, каргаша 27-мартта саат 12:50лөр чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол жолундагы Чырпыкты айылынын тушунда болгон.
"Анда Санэпидемборбордун кызматтык унаасы менен Daimler-Chrysler D312 үлгүсүндөгү автокөлүк кагышып, үч адамдын өмүрү кыйылган. Анын бири айдоочу, экөө бир автоунаадагы жүргүнчүлөр болгон", — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктан жабыркагандар да бар экени айтылды. Азыркы учурда автоунаалар айып короого токтотулуп, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. ЖКККББ айдоочуларды жолдо этият болуп, эрежени сактоого чакырды.
Токмокто унаа сүзгөн киши каза таап, айдоочу качып кеткен. Милиция таап кармады