Кыргызстанда 2021-жылдан тартып сот, укук коргоо органдарында реформа жүрүп келет. Алсак, укуктук-нормативдик база оңдолуп, түзөтүүлөр киргизилүүдө. Sputnik ошол иш менен алектенип жаткандардын бири, президенттин алдындагы Соттук жана укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу боюнча кеңештин эксперттик жумушчу тобунун мүчөсү Ялкун Даутов менен маектешти.
— Өлкөдө сот жана укук коргоо органдарын реформалоо кандай жүрүп жатат?
— Белгилүү болгондой, 2020-жылга чейин өлкө мыйзамдары гумандаштыруу жолу менен кеткен. Тилекке каршы, буга коомдун даяр эместиги көрүндү. Бизде мыйзамдын үстөмдүгү болушу шарт. Ошондуктан 2021-жылдан тарта сот органдарында бир топ өзгөртүүлөр болуп жатат. Биринчиден, президенттин жарлыгы менен судья жана сот кызматкерлеринин маянасы 100 пайызга көтөрүлдү. Бул туура чечим, анткени маянанын жогору болушу соттордун адилет, калыс чечим чыгаруусуна тоскоолдуктардын бирин жок кылат.
Мындан тышкары, соттор республика боюнча ротацияланууда. Бир райондо 10-15 жылга чейин иштеген соттор бар эле. 2022-жылы жалпы 312 судья бир аймактан башка регионго которулду. Бул дагы өз кезегинде жакшы натыйжасын берет. Бир райондо көпкө отурган судьялар тергөөчүдөн тартып, айыптоочу жана башка укук коргоо органдары менен чырмалышып калган учурлар кездешкен. Сот — бул акыркы инстанция, ага чейин иш тергөөчү, айыптоочулардан өтүп, алар чогултуп топтогон документтердин негизинде гана өкүм чыгарат. Ошондуктан соттук чечимдер боюнча сын айтылганда бир тараптуу болбой, ошол процесске аралашкан бардык укук коргоо органдарынын ишин кароо зарыл.
Ушул жерден 2023-жылдын көрсөткүчтөрүнө токтоло кетсем, былтыр чыккан 311 өкүмдүн 264ү актоо боюнча чечим болду. Ошондой эле 297 адам апелляциялык тартипке даярдалып, 202 актоо өкүмү күчүндө калтырылган. Ал эми 49 өкүм бузулуп, 46сы өзгөртүлгөн. Ошону менен бирге апелляциялык инстанция соту тарабынан дагы 57 актоо өкүмү чыгарылган. Кассациялык тартиптеги 117 даттануудан 29 актоо өкүмү жокко чыгып, 87 өкүм күчүндө калтырылса, бир өкүм өзгөртүлгөн. Кассациялык инстанциянын токтомдору менен 21 иш кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган. Бул качандыр бир кезде туура эмес чечим чыгып калганын айгинелейт. Ошондой эле соттордун максаты баарын эле күнөөлүү деп табуу эмес, ишти адилет кароо экендигин көрсөтүүдө. Бул жерде жактоочулардын дагы ролу абдан жогору. Ошондуктан алардын ишмердүүлүгүнө да баа берилиши зарыл. Эгемендүүлүк алгандан бери 10 миңден ашык адвокаттык лицензия берилиптир. Кимиси кандай иштеп жатканы каралышы керек. Мына ошол багытта иштер жүрүүдө.
Соттук жана укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу боюнча кеңештин эксперттик жумушчу тобунун мүчөсү Ялкун Даутов: соттук чечимдер боюнча сын айтылганда бир тараптуу болбой, ошол процесске аралашкан бардык укук коргоо органдарынын ишин кароо зарыл
© Sputnik / Асел Акмат
Аталган тармак өзгөрүүлөргө муктаж экени — факт. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Курамаевич дагы начар иштеген соттор бар экенин белгиледи. Былтыр сегиз судья ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, үчөө эскертүү, жети судья алдын ала эскертүү алган. Туура эмес чечим чыгарганын моюндап, өз арызы менен иштен кеткендери дагы жок эмес. Бул ички тазалануу, коррупция менен күрөшүүнүн башы деп эсептейм. Мындан тышкары, коомчулукта чуу жараткан соттук өкүмдөр боюнча соттор тарабынан түшүндүрмө берилет.
— Бирок сот чыгарган өкүмүн комментарий кылбайт эмеспи?
— Ооба, сот чечимин комментарий кылбайт, бирок президентин талабы ушундай. Мисалы, Садыр Жапаров ар бир чуу жараткан окуяга ыкчам реакция кылып ЖМК аркылуу түшүндүрмө берип жатат. Ошондой эле базарларга, башка объектилерге барып эл, ишкерлер менен жолугууда. Биз демократиялуу өлкөдө жашайбыз, демек, эл менен эсептешүү керек. Ал эми жети миллион жарандын баары юрист эмес. Көптөрү беренелерди билбейт, ошондуктан түшүндүрмө, маалымат берүү зарыл. Деген менен муну соттордун ишине кийгилишүү катары түшүнбөш керек.
— Бир нече жолу кылмыш кылып кармалгандар, айрым учурда алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү дагы соттон бошоп кетип жатканы айтылып келүүдө. Буга эмне себеп?
— Адатта УКТ мүчөлөрү алдамчылык беренеси менен кармалышат экен. Мурда бул берене менен кармалгандарды үй камагына чыгарса боло турганы жазылган. Жакында президент Кылмыш-жаза, Кылмыш-процессуалдык кодекстерге кол койду. Анда алдамчылык менен кармалгандар камалары белгиленген. Ошондой эле коррупциялык иштерди мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу жабууга жол берилбейт. УКТ мүчөлөрү ИИМдин атайын каттоосунда турат, бирок бир эле адамга, Камчы Көлбаевге карата УКТнын лидери деген соттун чечими чыгыптыр. Азыр УКТ мүчөлөрү соттон камалат. Мындай чийки мыйзамдар абдан көп экен, ошол эле үй-бүлөлүк зомбулук боюнча беренелер катаалдады. Ичип алып унаа айдап, адам сүзгөндөр үй камагына чыгып кетчү, эми алар дагы камалары мыйзамдарда жазылды.
— Жогоруда сот акыркы инстанция экени айтылып, ага чейинки тергөө, айыптоо дагы бүт өзгөрүшү керектиги айтылды. Булар бири-бирин баланстап турушу керек эмеспи? Ошол нерсе бузулуп калбайбы?
— Жок, андай болбойт. Өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү болушу шарт. Конституция бар, мыйзамдар жакшыртылууда. Ал эми адилетсиз, мыйзамсыз чечимдерди чыгарган соттор иштен кетип жатат.
— Кайра келбейби?
— Келбейт, анткени атайын тандоодон өтүү зарыл. Ал жерде бардык документтер изилденип, талапкер тыкыр каралат. Кандайдыр бир шектүү жагдайларда иштен кеткендер өтпөйт ал жерден. Учурда сотторду тандоо комиссиясына курултайдын өкүлдөрү дагы кирди. Мындан тышкары, президент өзү дагы бетме-бет сүйлөшөт. Мындайча айтканда, сотторду ишке алуу аябай дыкат көзөмөлдөнөт.
— Сотторго ишенимдин аз болуп, нааразычылыктар көп болуп жатканы эмнеден улам анан?
— Бир нерсени айта кетейинчи ушул жерден. 2023-жылы республика боюнча биринчи инстанцияда 132 700 соттук иш каралган. Алардын ичинен 12 000 соттук иш же 9 пайызы апелляциялык инстанциядагы сотторго даттанган. Калган 91 пайызы чечим менен макул болгон. Бул жерден соттторду сынга аларда эки тараптуу караш керек. Анткени соттун өкүмүнө нааразы болгон тараптын сындап чыккан сөзүнө ишенип албаш керек. Ошол эле учурда соттун чечимине ыраазы болгон тарап да бар эмеспи. Албетте, соттордун ишинде кемчилик кеткен учурлар кездешет, бирок бул чанда кездешүүчү жагдай. Мисалы, реформанын алкагында жумушчу топ тарабынан республика боюнча соттордун иши мониторингделди. Соттук чечимдердин создугуп кетишине көп нерсе себеп. Мисалы, бир күнү соттук отурумга жактоочу, башка күнү айыптоочу, айрым учурда жабырлануучу жана башкалар келбей коет. Бул эми соттун күнөөсү эмес, ал процесстин убактысын аныктап, баарын чакырды. Ошондойлордон улам соттук иштер жарым, бир жылга чейин созулуп кеткен жагдайлар кездешет.
Ялкун Даутов: сот арачылар — соттук процеске катышкан 9, 11, 13 адамдан турган топ. Союз учурунда элдик сот деп мындай тажрыйба бизде дагы колдонулуп келген.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу
— Жакында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев соттор толук кандуу көз карандысыз болбой калып жатканын айтты. Эмнеге мындай көрүнүш болууда? Соттор көз каранды болбош үчүн бардык шарттар түзүлгөндөй эле сезилет.
— Мурда соттордун ишинде көп эле кемчиликтер, адилетсиз, саясий чечимдер болгон. Кыргызстандагы үч жолку элдик толкунга мыйзамсыз шайлоолор, ошол эле соттордун адилетсиз чечимдери себеп болгон. Ушул системаны бузуп, көз карандысыздыкка жетүүгө убакыт керек. Жогоруда айтылгандай, маяна эки эсе көтөрүлдү. Соттор ротацияланып, материалдык мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Бирок бул жетишсиз. Өлкөдө сот арачылар институтун (суд присяжных) киргизүү зарыл. Мыйзам кабыл алынып, ага 2025-жылга чейин мораторий киргизилген. Бул — өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келген тажрыйба. Албетте, ага материалдык, кадрдык даярдыктар керек, бирок натыйжасы жакшы болот. Анткени чечимди сот арачылар чыгарып калат. Бул коррупцияга каршы стратегияга дагы киргизилген. Ал жерде тергөө департаменти бөлөк болуп, калпты аныктоочу детекторду колдонууну киргизүү каралган. Баары акырындан ишке ашырылууда.
— Сот арачылар боюнча түшүндүрмө бере кетсеңиз?
— Бул жанагы чет элдик кинолордон көрүп жүргөн, соттук процеске катышкан 9, 11, 13 адамдан турган топ. Союз учурунда элдик сот деп мындай тажрыйба бизде дагы колдонулуп келген. Алар атайын окуудан өтүп, мыйзам кабыл алынса бардык шарттары аныкталып, түзүлүшү керек. Бул бир күндүк процесс эмес, бирок акыры ошого барышыбыз керек. Сот адилеттигин камсыздоо үчүн бардык аракеттер көрүлүшү керек.