Путин: "Россия — орустар үчүн" деген түшүнүк түйшөлтөт

Мамлекеттин башчысы бардыгын Россиядагы улуттар жана диндер аралык дүйнөгө этияттык менен мамиле кылууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин "Россия — орустар үчүн" деген ураанды укканда анда түйшөлүү сезими болорун айтканын РИА Новости жазды.
"Россия — орустар үчүн" деген жарма патриотторду укканда (эми андай кишилер ар бир жерде, коомдо бар эмеспи) менде түйшөлүү пайда болот. Себеби биздин мамлекетте 190дон ашуун этнос жашайт, кээ бир улуттардын саны миллиондоп саналат. Ушундай деструктивдүү ойлорду ишке ашыра баштаганда эле өлкөнү талкалайбыз. Бул жерде эрус эли эле жабыркайт. Өтө олуттуу караш керек, сөөмөй кезеп, тилим бар деп сүйлөй берүүгө болбойт. Ойлонуп сүйлөш керек. Россия дегенде биздин мейкини кенен мекенибизди ойлонушубуз зарыл", — деген Путин.
Мамлекеттин башчысы бардыгын Россиядагы улуттар жана диндер аралык дүйнөгө этияттык менен мамиле кылууга чакырды.
Путин: биздин коомго аралашып кетиши үчүн мигранттарга кам көрүш керек