Акылбек Жапаров Нарынга барды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бүгүн, 28-мартта, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын районундагы Куланак ГЭСинин курулуш иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.
1 / 3

Бүгүн, 28-мартта, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын районундагы Куланак ГЭСинин курулуш иши менен таанышты

2 / 3

Маалыматка караганда, кубаттуулугу 100 мегаваттык ГЭС курулуп бүтсө өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 18 пайызга чечилет. Бүгүнкү күндө иштин 30 пайызы аяктады

3 / 3

Жапаровдун кийинки сапары Кара-Кече көмүр кенинде улантылып, электрондук кезектин иштөө абалы менен таанышкан. Бул жерде мурдагыдай жумалап кезек күтпөй, иш ыргагы санариптештирилген

Маалыматка караганда, кубаттуулугу 100 мегаваттык ГЭС курулуп бүтсө өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 18 пайызга чечилет. Бүгүнкү күндө иштин 30 пайызы аяктады.
Жапаровдун кийинки сапары Кара-Кече көмүр кенинде улантылып, электрондук кезектин иштөө абалы менен таанышкан. Бул жерде мурдагыдай жумалап кезек күтпөй, иш ыргагы санариптештирилген.
"Жапаров Кара-Кеченин башынан агып түшкөн Боз-Айгыр суусун бөгөп калган өндүрүш таштандыларын тазалоо иштеринин жүрүшүн көрдү. Жумуш соңуна чыкса 1,5 гектар айдоо аянтына суу жетет", — деп айтылат маалыматта.
Өкмөт башчы "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалына алып келинген 27 техниканын ачкычтарын тапшырды.
Нарында дыйкан-фермерлер үчүн форум өттү