2021-жылга салыштырганда кургак учуктан каза болгондордун саны 10 эсе кыскарды. Бул тууралуу Абдуллаат Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө кургак учукту дарылоочу жабдыктар жетиштүү.
"2001-жылы кургак учукка чалдыккандардын саны 100 миң кишиге 168 адамды түзүп, абал курчуп, жогору көрсөткүчкө жеткен. Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгы менен жогорудагы индекс боюнча, ооруга чалдыккандардын саны 59, 8 пайызды түздү. Демек, оору үч эсе азайган. Кургак учуктан каза болгондордун эң жогорку көрсөткүчү да 2001-жылга туура келет. Анда калктын санына карата 100 миңге 27 киши туура келсе, 2023-жылы 2,6 киши каза болуп жатат. Учурда республикада кургак учук боюнча абал туруктуу. Бул дартты дарылоо жаатында биздин ооруканалар дүйнө жүзүндөгү заманбап жабдыктар менен толук камсыздалган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен GeneXpert платформасын колдонуп жатабыз. Анын жардамы менен бир сааттын ичинде ооруну пайда кылуучу материалдарды таап, препаратка сезгичтиги жана туруктуулугу аныкталат", — деди Кадыров.
Ал бир шаардын көрсөткүчү жалпы республикада абал начар экенин билдирбей турганын кошумчалады.