Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

"Крокустагы" теракт: көз жумгандар 143кө жетти, 84 сөөктүн кимдики экени такталды

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Крокус сити холлдо" жасалган терактыдан көз жумгандарды саны 143кө жеткенин билдирип, тизмесин жарыялады.
Анда 143 кишинин аты-жөнү жазылган. Россиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, бүгүн 84 сөөктүн кимге тиешелүү экендиги аныкталган. Булардын ичинде курагы 9дан 16га чейинки беш бала бар экени маалым болду.
Баш-аягы 143 адамдын дайынсыз болуп жатканы тууралуу арыз түшкөн. 182 киши жаракат алган.
2024-жылдын 22-мартында кечке жуук "Крокус сити холлдун" концерттик залында теракт жасалган. Буга байланыштуу 11 адам кармалып, 8 киши камакка алынды. ФСБ билдирген маалыматка таянсак, террорчулар колдонгон куралдар мурда жашыруун жерде атайын сакталып турган.
"Крокустагы" терактыдан кыргызстандык 2 кыз каза болгон. Жаңы тизме жарыяланды