Көлдөгү жол кырсыгынан Санэпидборбордун башкы дарыгери жолдошу менен көз жумган

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында болгон жол кырсыгынан Ысык-Көл райондук Санэпидборбордун башкы дарыгери, жолдошу жана айдоочусу каза болгонун аталган борбор тастыктады.
Эске салсак, үрөй учурган жол кырсыгы кечээ, 27-мартта, Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда болгон. Анда Санэпидемборбордун кызматтык унаасы менен Daimler-Chrysler D312 үлгүсүндөгү автокөлүк кагышып, үч адамдын өмүрү кыйылган.
"Санэпидборбордун башкы дарыгери Алина Токтоназарова жумушу боюнча Чолпон-Атадан Балыкчыга чогулушка бара жатып кырсыктаган. Маркум 52 жашта болчу, бул тармакта 26 жылдан бери иштеп келе жаткан. Райондук санэпидборборун 2021-жылдан тарта башкарып турган", — деп жазылат маалыматта.
Унаанын ичинде башкы дарыгердин күйөөсү да болгону айтылды. Айдоочу үчөө кырсык болгон жерде үзүлгөн. Учурда жол кырсыгы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Токмокто унаа сүзгөн киши каза таап, айдоочу качып кеткен. Милиция таап кармады