The Telegraph: Британия армиясы Россияга эки ай гана туруштук бере алат

Аскердик аткаминерлер өлкө Россия менен курал-жарактын жана аскерлеринин аздыгынан улам узакка согуша албастыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Британия армиясы Россия менен чатакташып кетсе болгону эки айга гана туруштук бере алат деп аскердик аткаминерлердин айтканын РИА Новости The Telegraph басылмасына таянып кабарлады.
"Мамлекеттик катчынын куралдуу күчтөр боюнча мурдагы орун басары Марк Франсуанын "бизде курал-жарак жана куралданууга запас жок болгондуктан Британия армиясы Россия менен болгон масштабдуу согушта эки айдан ашык убакытка чыдай албайт, туурабы" деген суроосуна штабдын жетекчисинин орун басары Роберт Магоуэн "ооба" деген тейде жооп берди", — деп жазылган материалда.
Басылманын маалыматына караганда, Улуу Британиянын Куралдуу күчтөрүнүн башка өкүлдөрү өлкө Россия менен чыгымдарга кеткен каражаттын кыскартылышынан жана аскери жетишпегендиктен узакка согуша албастыгын бекемдеп жатышат.
Россия НАТОнун бир дагы мамлекеттерине коркунуч келтирбестигин, бирок мамлекеттин кызыкчылыгына кооптуулук жаралса, аны көз жаздымда калтырбастыгын бир нече ирет айткан. Муну менен катар Москва тең укуктагы диалогго даярдыгын, ал үчүн Батыш милитаризация багытынан баш тартышы керектигин белгилеген.
Лавров: Макрон Украинага аскер жөнөтөлү деп АКШга жагынып жатат