Бишкекте катуу шамал болуп, дарактар кулап, автоунааларды басып калды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкекте катуу шамал болуп, дарактар сынып унааларды басып калды.
Алай-дүлөй кылган шамал чаң сапырып, айрым имараттардын чатырын учуруп кеткен.
Соцтармактын айрым колдонуучулары "Ала-Тоо" аянтындагы желек шамалдан айрылганын жазган. Бирок ал атайылап түшүрүлгөнү маалым болду.
Башкы аянттагы Ноорузга карата коюлган декорациялар кулап, майрамдык баннерлер тытылып кеткен.
Буга чейин ӨКМ Бишкек менен Чүйдө ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жеткен шамал болорун эскерткен болчу.
Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жаандан улам айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн