Жапаров "Газпромбанктын" жетекчилиги менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Тараптар энергетика, жол куруу, мамлекеттик сатып алуулар, банктык коштоо, лизингдик кызмат чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо маселелерин талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Газпромбанк" АКтын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Алексей Матвеев баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Газпромбанк" АКтын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Алексей Матвеев баштаган делегацияны кабыл алды

2 / 2

Тараптар республиканын энергетика, жол куруу, мамлекеттик сатып алуулар, банктык коштоо, лизингдик кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо маселелерин талкуулашты

Жолугушууда Жапаров 22-мартта көп сандагы адам курмандыктарына алып келген "Крокус сити холлдо" болгон трагедияга байланыштуу россиялык делегацияга көңүл айтты.
"Тараптар республиканын энергетика, жол куруу, мамлекеттик сатып алуулар, банктык коштоо, лизингдик кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо маселелерин талкуулашты. Минкаб төрагасы бул жолугушуу Кыргызстан менен "Газпромбанктын" мындан аркы эффективдүү өз ара аракеттенүүсүнө кошумча түрткү берерин белгилеп, эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө башка инструменттерди киргизүүгө даяр экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Матвеев биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө токтолуп, банктык коштоо жана лизингдик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү учурларга өзгөчө көңүл бурганы белгиленди.
Кыргызстан фармацевтика жаатында Өзбекстан менен кызматташууга даяр