Жалал-Абад шаарындагы базарлар "Телтору" ат майданына көчүрүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында 22 гектар жерди ээлеген "Телтору" ат майданы базарга айландырылып, калаадагы бардык базарлар ошол жакка көчүрүлөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Жалал-Абад шаарында 22 гектар жерди ээлеген "Телтору" ат майданы базарга айландырылып, калаадагы бардык базарлар ошол жакка көчүрүлөт

2 / 3

Жаңы соода жайы заманбап шарттары менен курулары белгиленди

3 / 3

Белгилей кетсек, "Телтору" ат майданы башка аймакка көчүрүлүп, жаңысы салынат

Жаңы соода жайы заманбап шарттары менен курулары белгиленди.
"Мындай кадам шаардагы унаа тыгындарын алдын алуу, башаламан жайгашкан базарларды иретке келтирүү жана шаар бюджетин толтуруу максатын көздөйт. Ал эми буга чейин ачылган чакан муниципалдык базар кытайлык инвесторлор менен биргеликте электромобиль чыгаруучу завод болот. Мындагы соодагерлерге да жаңы базардан соода күркөлөрү берилет", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Телтору" ат майданы башка аймакка көчүрүлүп, жаңысы салынат.
Мэр: шаар сыртына "Ош" базары эле эмес, "Сары-Өзөн", "Баткен" да чыгат