Көлбаевдин тобун каржылаган деп Турсунтай Салимовдун уулу кармалды

Илзат Салимов менен кошо "Мадина" соода комплексинин күзөт кызматынын башчысы да колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган деп "Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун уулу Илзат Салимов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Илзат Салимов Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу топторду каржылоо") боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлсө, аны менен кошо "Мадина" соода борборунун коопсуздук кызматынын С.К.А. аттуу башчысы Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча кармалган. Экөө тең УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Мадина" соода борборунун коопсуздук кызматынын башчысы С.К.А.

"Илзат Салимов Камчы Көлбаевдин ишкерлерден опузалап акча алып жүргөн кылмыштуу иштерин билип, Көлбаевдин каражатын кыймылсыз мүлккө салып жүргөнү аныкталган. "Мадина" соода комплексинин коопсуздук кызматынын жетекчиси да Көлбаевдин ишкерлерден опузалап акча алып жүргөнүн билип, кримтөбөлдүн кишилери менен тил табышып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүп келген", — деп айтылат маалыматта.

УКМК К.С. 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлүп Көлбаевдин квотасы боюнча "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлеринин тизмесине киргизилгенин белгилеген. Учурда тиешелүү тергөө иштери уланууда.
15 млн. доллар төлөдү. Турсунтай Салимов камактан бошотулду