Радио

Вице-мэр: шаарга зыян келтиргендерге 3 млн. сом айып салынды

Борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлык тууралуу мэрдин шаардык-коммуналдык чарба бөлүмү боюнча орун басары Жыргалбек Шамыралиев айтып берди.
Sputnik
Шаарды көрктөндүрүү саамалыгы 11-мартта башталгандан бери 1 248 чарба субъекти текшерилип, 2 222 протокол түзүлгөн. Бул тууралуу Жыргалбек Шамыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шаардын көркүнө, жаратылышка зыян келтиргендерге жалпысынан эки миллион 765 миң айып пул салынган.
"Жаздын келиши менен шаарды жашылдандырып, көрктөндүрүү жаатында мэрдин демилгеси менен эки айлык жарыяланды. Анын алкагында борборду жашыл шаарга айландырууга камылга көрүп, негизги иш-чараларды баштайбыз. Ага шаардын ар бир тургуну өз салымын кошот. Бул бир гана мэриянын же анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн иши эмес. Калаа тургундары короо жайын тазалап, бардык билим берүү мекемелери айлана-тегерегин көрктөндүрүп, эки айлык саамалыкка салымын кошушу керек. Жашыл зонаны тебелеп унаа токтоткондорго, таштандысын каалаган жерге үйүп салган жашоочуларга да чара көрүлүүдө. Учурда муниципалдык объектилерди, скверлерди, аянттарды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Муну менен катар мэрдин тапшырмасынын негизинде бардык ишканалар мобилизацияланып, көчөлөрдү оңдоп-түзөө жумуштары башталды", — деди Шамыралиев.
Ал 1 200 уюмдун катышуусунда өткөн ишембиликке 23 миң адам келип, шаардан 250 тоннага жакын таштанды чыгарылганын кошумчалады.