БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. НАТОнун Югославияга жасаган чабуулунун үчүнчү күнүндө, 1999-жылдын 27-мартында, сербиялык Буджановци айылынын үстүнөн штурмалоочу-стелс F-117 Nighthawk атып түшүрүлгөн.
Бул туурасында Sputnik Ближнее Зарубежье Telegram каналы эске салып, архивдик видео жарыялады.
Бул тарыхка заманбап типтеги согуштук учак жок кылынган биринчи окуя катары кирди. Техника ичиндеги куралын кошкондо 2 миллиард доллардан ашык турган.
"Көзгө урунбаган" техниканы советтик С-125 "Нева" системасы менен атып түшүрүшкөн. 24-мартта НАТО альянстын коргонуу күчтөрү менен Югославияны бомбалоону баштаган. Буга жамааттык Батыш "Белграддын согуштук кылмыштарын" шылтоо кылган. АКШ башында турган 19 мамлекет БУУнун Коопсуздук кеңешинин макулдугу жок чабуул коюп, ал 78 күнгө чейин уланган. НАТОчулар байытылган ураны бар чачырама ок-дарыларды колдонгон. Ажал бүрккөн мындай "жан алгычты" бул күндөрү Британия Киев режимине берүүгө ниет кылып жатат.
Белград жана анын айланасына түшкөн снаряддар югославиялык аскерлерди эле эмес, НАТОчуларды да уулуу заттардын нуруна кабылткан.
Ал күндөрү Югославиянын символу атып түшүрүлгөн "бута" болуп калган. Сыныктарын эл өзү менен кошо ала жүрүшкөн, ал тургай автоунаалардан, дубалдардан, түркүктөрдөн, андан сырткары, сүрөттөрүн плакаттардан да көрүүгө болот эле.