Россияда эмгек мигранттарын ишке алгандарды көзөмөлдөгөн мамлекеттик уюм түзүлөт

Жаңы уюм мигранттын жумуш тартибин бузуп ишке келбеген жана иш берүүчүнүн эмгек мигранттын укуктарын бузган учурларын тиешелүү органдарга маалымдап турарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россияда "Работа в России" сервиси эмгек мигранттарды жумушка тартуу жана аны көзөмөлдөө боюнча иш алып барган мамлекеттик компанияга айланат. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Россиянын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги президенттин жарлыгынын негизинде аталган компаниянын долбоорун иштеп чыккан.
"Работа в России" мамлекеттик компаниясы мигранттарды жумушка алган россиялык ишканаларды каттап, алар менен макулдашууга кол коюп иштейт. Тагыраагы, мигранттардын иш менен камсыз болушун көзөмөлдөп, келгиндердин катталган жерде иштеп-иштебегенин карап турмакчы.
"Биздин милдет — ишканага кирген киши тиешелүү документтерди толтургандан кийин ачык эмгек рыногуна чыгып кеткен жагдайларды жоюу", — деди РФ эмгек министринин орун басары Дмитрий Платыгин.
Ал жаңы механизм жумушка тажрыйбалуу кишилерди алууга мүмкүнчүлүк түзүп берерин кошумчалаган. Аталган жаңы кызмат мигранттын жумуш тартибин бузуп ишке келбеген мезгилдерин жана иш берүүчүнүн эмгек мигранттын укуктарын бузган учурларын тиешелүү органдарга маалымат катары берип турарын айтышты.
Путин: биздин коомго аралашып кетиши үчүн мигранттарга кам көрүш керек