"Крокустагы" терактыдан кыргызстандык 2 кыз каза болгон. Жаңы тизме жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. “Крокус сити холлдогу” терактыда эки кыргызстандык кыз каза тапты. Алардын аты-жөнү Россия ӨКМинин набыт болгондордун жаңыланган тизмесине кошулду.
Андан тарактыдан кийин дайынсыз болуп жаткан 24 жаштагы Эдита Жусупова менен 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызынын ысымын көрүүгө болот. Алар каргаша болгон күнү концерттик залдын ичинде иштеп жатканы айтылган.
Тизмеде терактыдан 120 адам мертингени жазылган. Бирок бул да алдын ала маалымат экени белгиленди. Соттук-медициналык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына жараша дагы өзгөрүшү мүмкүн.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
"Крокустагы" терактыга шектүү КР жарандыгынан 2014-жылы чыкканы айтылды