ТЭЦтен чыккан күлдү кайра иштетүүчү Чүйдөгү завод августта ишке кирет

Завод иштеп баштаганда 450 жумуш орду пайда болору, ишкана жылына 1,7 миллион тонна цемент чыгара алары кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Быйыл августта Бишкек ТЭЦинен чыккан күлдү кайра иштете турган "Терек-Таш" цемент заводу ишке кирет. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, завод Чүй облусунда салынууда, 85 пайызы бүтүп калды. Анын курулушуна РКӨФ 45 миллион доллар бөлгөн.
"Бул өлкөдөгү ири ишканалардын бири болмокчу. Өндүрүш калдыксыз болуп, цемент өндүрүүдө Бишкектеги ТЭЦтен чыккан күл кайра иштетилет. Бул борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга жардам берет", — деп жазылат маалыматта.
Завод ишке кирсе 450 жумуш орун пайда болору, ишкана жылына 1,7 миллион тонна цемент чыгара алары кошумчаланды.
РКӨФ коммерциялык маалымат борборун курууга 1 млн. доллар бөлөт