Бишкекте эл аралык медициналык конгресс өтүп жатат. Видео

Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн медициналык конгресси өтүүдө. Иш-чарага 400дөй дарыгер чогулган.
Sputnik
Конгресстин негизги темасы — "ШКУ өлкөлөрүндөгү инфекциялык эмес ооруларды дарылоо жана кардиологиядагы инновациялар, технологиялар".
Россия, Кытай, Казактан, Сауд Арабиясы, Өзбекстан жана Даниядан келген адистер өз тажрыйбасы менен бөлүшүп жатышат. Медициналык конгресстин алкагында дарылоодо өнөкөт жана инфекциялык илдеттер артыкчылыктуу деп белгиленди. Мында кан айлануу системасынын оорулары да көз жаздымда калган жок.