Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Bloomberg: Украинага аскер жөнөтүлөт деген Макрон АКШнын кыжырын келтирди

Макрондун кебин НАТОдогу бир катар өнөктөштөрү, анын ичинде Германия, ошондой эле Франциянын өзүндөгү саясий күчтөр сынга алды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Украинага аскер жиберүү тууралуу сөздөрү америкалык аткаминерлердин кыжырына тийди. Бул тууралуу Bloomberg маалымат булагына таянуу менен РИА Новости жазды.
"Макрондун кеби Германиянын канцлери Олаф Шольцтун ачык сынына кабылып, америкалык аткаминерлердин кыжырын келтирди. Алар мындай кадам Москва менен кагылышууну жаратышы мүмкүн экенин белгилешкен", — деп айтылат маалыматта.
Февраль айында Макрон Евробиримдиктин мамлекет башчылары Украинаны орто жана алыс аралыкка атуучу ракеталар менен камсыздоочу "тогузунчу коалицияны" түзүүнү макулдашканын билдирген. Анын айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Украинага аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан. Азырынча консенсуска келишпегени менен бул нерсени жокко чыгарууга да болбой турганын айткан.
Макрондун кебин НАТОдогу бир катар өнөктөштөрү, анын ичинде Германия, ошондой эле Франциянын өзүндөгү саясий күчтөр да сынга алды. Бардык саясий партиялардын лидерлери президентти "Парижди чыр-чатакка жана жеңил ойлуулукка сүйрөп кетти" деп айыпташууда. Президентти парламент менен кеңешпегени үчүн да жемелеп жатышат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Алдыдагы айлар Украинанын тагдырын чечет. Боррелдин билдирүүсү