Пресс-борбор

Кыргызстанда канча мечит, медресе бар экени айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 4 144 диний уюм катталган. Бул тууралуу Sputnik агенттигинде өткөн брифингде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Замир Кожомбердиев билдирди.
Анын айтымында, диний уюмдардын ичинен 3743ү ислам багытында.
"Кыргызстанда 3 436 мечит, 51 диний кайрымдуулук уюм жана 38 башка диний уюм катталган. Мындан тышкары, облустарда казыят, 14 диний окуу жайлары катталган. Ислам университети, Ислам колледжи анын ичине кирет. Ошондой эле 162 медресе бар", — деген Кожомбердиев.
Пресс-борбор
Дин иштери боюнча комиссия экстремизмди алдын алуудагы жаңы ыкмаларды атады