БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия экстремизди алдын алуу үчүн жаңы ыкмаларды колдонууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде ведомство башчынын орун басары Замир Кожомбердиев билдирген.
Анын айтымында, комиссия учурда милиция кызматкерлери менен бирге интернет айдыңында иш алып барууда.
"Жаштардын басымдуу бөлүгү интернеттеги туура эмес идеологияга ишенип, кийин экстремизмдин таасиринде калууда. Айрым дин өкүлдөрү кереги жок идеологияны пропагандалап жатат. Буга чейин биздин ведомство ИИМ кызматкерлери менен бирге жогорку окуу жайларда, жамааттарда дин, агымдар тууралуу маалымат берген. Маселен, исламда ар кандай агым бар, ошого жараша намаз дагы айырмаланат. Соцтармакка мындай билдирүүлөрдү жарыялаганда жаштар кызыгып, суроо берип, тактай башташат", — деген Кожомбердиев.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Ратбек Турусбеков театрлаштырылган көрсөтүүлөр жаштар арасында экстремизмди алдын алуунун натыйжалуу ыкмаларынын бири экенин белгилеген.