Мурда экономикалык жактан күчтүү өлкөлөрдүн алдында жакыр мамлекеттер өз кызыкчылыгын коргой албай калган учурлар көп болор эле. Бул АКШ менен Батышка кош стандарттуу саясат жүргүзүүгө жол ачып келген. Мындай пикирин Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялар канчалык бурмаланбасын, интернеттин жардамы менен бат эле коомчулукка ачыкталып калууда.
"Дүйнө жүзүндө ар бир адам маалыматка ээ боло алган доордо жашап жатабыз. Интернеттин көмөгү менен азыр бир эле окуя тууралуу түрдүү маалымат ала аласың. Экинчиден, бардык мамлекеттер улуттук кызыкчылыкты көздөгөн саясат жүргүзүп баштады. Мисал катары Индия өкмөтүнө санкция киргизилгенине карабай мунайды Россиядан алып жатканы сындалганда, Индиянын тышкы иштер министри "эмнеге силер алсаңар болот, бизге келгенде санкцияңар иштеп калат. Кандай жол менен алып жатканыңарды билебиз" деген таризде катуу жооп берди. Азыр дүйнө коомчулугу Батыш канчалык далалаттанбасын, болуп жаткан окуяларды алар көрсөткүсү келгендей кабыл албай калды", — деди Жекшенкулов.
Ал мындай учурда экономикалык абалынан мурда туруктуу позициясы бар өлкөлөр утушта болорун кошумчалады.