Пресс-борбор

Кыргызстан Россия менен биокоопсуздук жаатында кызматташуудан эмне табат?

Эксперт белгилегендей, Кыргызстанда заманбап лабораториялык база пайда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россия Илимдер академиясынын академиги, РФ Билим берүү академиясынын президентинин орун басары Геннадий Онищенко Sputnik маалымат борборунда өткөн видеоконференцияда Кыргызстан менен Россиянын биологиялык коопсуздук жаатында кызматташуусу каралып жатканын билдирди.
Өткөн жылдын октябрь айында Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында "Биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча" меморандумга кол коюлган. Журналист Онищенкодон тараптар бул жаатта кызматташуу менен кандай натыйжага жетише аларын сурады.
"Кыргызстанда өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү бар лаборатория куруу пландалууда. Кызматташуу дарыгерлерди окутууну, бирдиктүү башкаруу ыкмаларын, заманбап диагностикалык борборлорду ачууну, жаңы инфекциялар же активдүү вирустар чыкканда керектүү вакциналардын болушун камтыйт. Заманбап лабораториялык база болот", — деди Онищенко.
Кыргызстанга биологиялык коопсуздукту камсыздаган мыйзам зарыл. Академиктин маеги