Баткен облусуна 25 жыл. Мааракелик медалдын эскизине сынак жарыяланды

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата мааракелик медалдын эскизин даярдоого сынак жарыяланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Талапка ылайык, эскизге Баткен аймагынын өзгөчөлүктөрү түшүрүлүшү керек. Сынактын жеңүүчүлөрүнө биринчи орунга 15 миң сом, экинчи орунга 10 миң сом жана үчүнчү орунга 5 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат.
Эскиздер 2024-жылдын 25-апрелине чейин Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү, 1 дарегинде кабыл алынмакчы. Сурап-билүү телефондору: 0(3622) 5-03-47 жана 0779389321.
Ош мэриясы коомдук транспортко электрондук билет уюштуруу боюнча сынак жарыялады