Балтимордо көпүрө урагандан кийинки чыгым 81 млрд. долларды чапчыды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. АКШдагы Балтимор шаарында (Мэриленд штаты) түркүгүн кеме сүзүп көпүрө урагандан кийинки чыгым жалпы 81 миллиард долларга чамалап барды.
Бул суу транспортунун капитаны украиналык болушу мүмкүндүгүн Sputnik Ближнее Зарубежье Telegram каналы жазды.
"Кулаган көпүрө көлөмү боюнча АКШда тогузунчу деп эсептелген порттун ишин токтотуп, 10 кеме ошол аймакта камалып калган", — деп жазды Daily Mail.
Balticshipping мониторинг ресурсунун маалыматына караганда, көпүрөнүн таянычын сүзгөн контейнер ташыгычтын капитаны Украина жараны болгонун "Страна" басылмасы жазды.
"Окуя АКШдан товар ташып чыккандар арасында башаламандыкты жаратты. Бул жылына 52 миллион долларлык товарды жөнөтүп турган ири хабдардын ишин бөгөттөп койгон", — деген айтылат маалыматта.
Индияда асма көпүрө кыйрап, 130дан ашык адам каза болду. Видео