Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Тасмагамбетов: террорчулук согуштун гибриддик куралы катары колдонулууда

Терактыдан кийин Владимир Путин менен Эмомали Рахмон террорчулук менен биргелешип күрөшүүнүн келечегин сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Террорчулардын "Крокус сити холлго" кол салуусу "чоочун желектин алдында" жасалган эле операция болгон. Мындай терактылар ЖККУга мүчө өлкөлөргө террорчулукка каршы турган инструменттерди иштеп чыгуу милдетин коет. Бул туурасында ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов РИА Новостиге берген маегинде айткан.
Агенттик эксперттер бул терактынын жасалган форматы такыр башка болуп жаткандыгын айтышканын эске салып, Тасмагамбетовдун пикирин сураган.
Башкы катчы кол салууда кылмышкерлер эч кандай талапты койбогондугун жана узакка чейин эч кандай уюм мойнуна албагандыгын белгиледи.
"Азыр террорчулук улут жана диндер аралык чатакты чыгарып, арасына жик салган согуштун гибриддик куралы катары пайдаланылууда. Ал эми бир катар терактыларда террорчулук геосаясий кызыкчылык үчүн колдонулуп жаткандыктан эл аралык алкактагы күрөш кыйла кыйынга турууда", — деп белгилеген Тасмагамбетов.
Башкы катчы аталган уюмга мүчө мамлекеттер, анын ичинен Беларустун атайын кызматы террорчуларды чек арадан ары өткөрүп жибербей кармоого активдүү көмөктөшкөнүн айтты.
"Мындан тышкары, союздук мамилелеринде жамааттык күрөш негиз болгон бул уюмга мүчө мамлекеттерге карата жалпы коркунучтардын фактору козголду. Терактыдан кийин Владимир Путин менен Эмомали Рахмон олуттуу сүйлөшүп, террорчулук менен биргелешип күрөшүүнүн келечегин талкуулашты", — деген Тасмагамбетов.
Башкы катчы бул окуялар эки тараптуу ар кыл форматтарда жана ЖККУнун аянтчасында, тагыраагы, уюмдун Коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин террорчулук жана экстремизм боюнча жумушчу тобунда талкууланып жатканын билдирген. Ал уюмга мүчө өлкөлөрдө жалпы кооптуулук деп кабылдангандыктан координация дайыма, үзгүлтүсүз болуп турганын да кошумчалады.
ЖККУ: Батыш менен АКШнын деструктивдүү аракеттери — коркунучтун негизги булагы