Кыргызстандын футболчулары Кытайдын Тайбэйин 5:1 эсебинде утту

Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өткөн беттеште Кыргызстандын курамасы Кытайдын Тайбэй командасын 5:1 эсебинде жеңди.
Биринчи таймда ата мекендик оюнчу Кожо Жоэл хет-трик жасады. Муну менен ал улуттук команданын тарыхында бир оюнда үч гол киргизген үчүнчү футболчу болуп калды. Буга чейин Эдгар Бернхардт менен Виталий Люкс жасаган болчу.
Экинчи таймдын 78-мүнөтүндө Християн Браузман, 94-мүнөттө Кими Мэрк атаандаштардын дарбазасына гол киргизди. Ал эми Тайбэйдин оюнчулары пенальти аркылуу бир упай алууга жетишти.
Белгилей кетсек, Кыргызстан өткөн жумада Тайбэй менен конокто ойноп, 2:0 эсеби менен уткан болчу.
Ташиев футбол боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу менен жолукту