Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

"Крокустагы" теракт: кармалган сегизинчи шектүү эки айга камакка алынды

Касимов терактынын айыпкерлери менен тааныш эместигин, болгону алардын бирине "Авито" сервиси аркылуу батирин ижарага бергенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Крокус сити холлдогу" терактыга шектелип кармалган Алишер Касимов эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Басман соту кабыл алганын РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда туулган Касимов бүгүн кармалган. Маалыматта анын Красногорск шаарында ишкерлик кылып, кафе иштетип жүргөнү, Россиянын жараны экени айтылат. Орто билимдүү, үч баланын атасы. Мурда соттолгон эмес.
Касимов терактынын айыпкерлери менен тааныш эместигин, болгону алардын бирине "Авито" сервиси аркылуу батирин ижарага бергенин айткан.
Буга чейин терактыга шектүү катары жети киши кармалып тергөө абагына киргизилген болчу.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Тергөө комитети "Крокус" боюнча сегизинчи шектүүнү камоону сурады