БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жакынкы күндөрү жумушчу орундарын түзүү боюнча программа бекитилет. Бул туурасында президенттик администрациянын жогорку кызматындагы аткаминер билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында быйыл 250 миң жумуш орун түзүү пландалып жатат. Жаңы ишканалар облустардын борборунан тарта айыл өкмөттөргө чейин ачылышы керек.
Мындан сырткары, ал Кыргызстанда "Жаңы экономикалык саясат" программасы даярдалып жатканын билдирди. Аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров командасы менен иштеп чыгууда. Долбоордун бир бөлүгү катары жумуш берүүчүлөргө Соцфонд төгүмүнүн 27,25 пайыздык ставкасын 12,25ге чейин азайтуу каралып жатканын белгиледи.