Көлбаевдин өкүл атасы делген Азим Ройдун жубайына издөө жарыяланды

Көлбаев менен Рой Бишкекте кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат куруп, ишкананын акцияларын Ройдун жубайына каттатышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Криминалдык чөйрөдө Камчы Көлбаевдин "өкүл атасы" катары белгилүү Азим Ройдун Н.З.Х. аттуу жубайына издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Криминалдык чөйрөдө Камчы Көлбаевдин "өкүл атасы" катары белгилүү Азим Ройдун Н.З.Х. аттуу жубайына издөө жарыяланды

2 / 4

Билдирмеге караганда, атайын кызмат тарабынан Көлбаев менен Азим Рой тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы аныкталган

3 / 4

Камчы Көлбаев менен Азим Рой L.А. жана R ЖЧКларын негиздеп, Бишкектен жер тилке каттатып, ага кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушкан

4 / 4

Алар бул имаратка ээ экенин жашыруу максатында компаниянын акцияларын жакын туугандарынын атына, анын ичинде Азим Ройдун жубайына катташкан

Билдирмеге караганда, атайын кызмат тарабынан Көлбаев менен Азим Рой тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы аныкталган.
"Тактап айтканда, Камчы Көлбаев менен Азим Рой L.А. жана R ЖЧКларын негиздеп, Бишкектен жер тилке каттатып, ага кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушкан. Алар бул имаратка ээ экенин жашыруу максатында компаниянын акцияларын жакын туугандарынын атына, анын ичинде Азим Ройдун жубайына катташкан", — деп жазылат кабарда.
Мындан тышкары, алар ишин мыйзамдаштыруу үчүн Азим Ройдун аффилирленген адамын чет элдик инвестор (Литванын жараны) деген жүйө менен негиздөөчүлөрдүн бири кылып койгон.
"Кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Азим Ройдун жубайына сыртынан айып тагылып, издөөгө алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат кабарда.
Эске салсак, УКМК буга чейин Азим Ройго да сыртынан айып тагып, издөө жарыялаган.
Ташиев: Көлбаев менен да, Матраимов менен да сүйлөшкөнбүз, тил албай коюшту