БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Крокус сити холлдогу" терактыга шектелип кармалган Алишер Касимов Кыргызстандын жарандыгынан 2014-жылы чыккан. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, буга чейин "Крокустагы" теракт боюнча сегизинчи киши кармалып, анын Кыргызстанда туулганы айтылган.
ТИМ Касимов Кыргызстандын жарандыгынан 2014-жылы чыкканын айтып, буга байланыштуу ал жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселеси Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн компетенциясына кирбей турганын белгилеген.
Касимов сотто батирин террорчулукка шектелип кармалгандарга эч нерседен шек санабай бергенин айткан. Ал эки айга камакка алынды.