15 млн. доллар төлөдү. Турсунтай Салимов камактан бошотулду

Ишкерди бошотуу чечимин борбордун Октябрь райондук соту чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. "Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов камактан бошотулганын Бишкек шаардык соту билдирди.
Мындай чечимди борбор калаанын Октябрь райондук соту чыгарды. Салимовдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат жазып берген.
Ишенимдүү маалымат булак билдиргендей, ишкер мамлекетке 15 миллион долларлык чыгымдын ордун толтуруп берди.
Эске салсак, Салимов уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө жана ага катышууга шектелип кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылап, жазадан кутулуу үчүн укук коргоо органдарындагы, сот системасындагы жана башка мамлекеттик органдардагы кызмат адамдарын "сатып алууга" колдоо көрсөтүп турган.
Пара менен кармалган Баткен облусунун башчысынын экс-кеңешчиси абактан чыкты