ТИМ кыргызстандыктардан Россияга баруудан убактылуу баш тартууну суранат

Россияга барууну пландаган кыргызстандыктар кирүү чектөөлөрүн алдын ала текшериши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жүйөлүү себеби жок кошумча коопсуздук чаралары жана мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүгө күчөтүлгөн көзөмөл режими алынмайынча Россияга баруудан убактылуу баш тартууну суранат.
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга төмөнкүдөй сунуштамаларды берди:
саякатка чыгууну пландаштырган жарандар Россиянын Ички иштер министрлигинин сайтынан кирүү боюнча чектөөлөрдү алдын ала текшериши керек (mvd.ru);
буга чейин Россияда жүргөндө эки же андан көп жолу административдик укук бузган жарандарга Россияга баруудан баш тартуу сунушталат. Бул нерсе мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө көйгөй жаралбашы жана жол-жоболор менен байланышкан кесепеттерди болтурбоо үчүн зарыл;
Россиянын аймагында жүргөн кыргызстандыктар эл көп чогулган жерлерге баруудан баш тартканы оң. Ошондой эле жарандыгын жана Россиянын аймагында жүрүшүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган документтерди жанында алып жүрүү сунушталат;
коомдук коопсуздукту камсыз кылган Россиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруу;
Суроолор жаралса Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин ишеним телефонуна +7 925 115 50 47, ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгына +996 999 312 002 телефону аркылуу кайрылса болот.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
РФ ТИМи кыргыз тарапка терактыдан кийинки колдоосуна ыраазылык билдирди