Майыптыгы бар кыргызстандыктар сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк мелдеште 5 медаль алышты

Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Майыптыгы бар адамдардан түзүлгөн Кыргызстандын курама командасы Дүйнөлүк пара сууда сүзүү боюнча серияда беш медаль тагынышты. Бул тууралуу команданын машыктыруучусу Ислам Турдиев билдирди.
1 / 3

Майыптыгы бар адамдардан түзүлгөн Кыргызстандын курама командасы Дүйнөлүк пара сууда сүзүү боюнча серияда беш медаль тагынышты

2 / 3

Бул тууралуу команданын машыктыруучусу Ислам Турдиев билдирди

3 / 3

Мелдеш Италиянын Линьяно-Сабьядоро шаарында өткөн

Мелдеш Италиянын Линьяно-Сабьядоро шаарында өткөн.
"Көзү азиз Надежда Рак s14 классында бир күмүш жана үч коло байгеге ээ болду. Ал эми таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган Даниел Шелике s8 классындагы суучулдар арасында бир алтын утту", — деди Турдиев.
Ат-Башыда мергенчилердин республикалык мелдеши өттү. Сүрөт